КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 18-ноябры № 5/5
«Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 31-октябрындагы протоколун кароо жѳнγндѳ»
Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 31-октябрындагы протоколунун негизинде Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылга иш планы бекитилсин.
2. К.Жакыпов атындагы интернат-гимназиянын Салиева кѳчѳсγндѳгγ темир тосмосун бойлой автоунааларды токтотууга тыюу салынсын жана автоунаа токтотууга тыюу салган белги коюу Кара-Суу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаментине, ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ мэрияга жγктѳлсγн.
3. Кара-Суу шаарындагы Бабур атындагы мектептин чек арасын тактап, темир тосмосун калыбына келтирγγ боюнча сураныч каты Кара-Суу шаарынын 2014-жылдын бюджетине киргизилсин.
4. Кара-Суу райондук салык башкармалыгынан жер жана мγлк салыктары туралуу келип тγшкѳн каты боюнча Кара-Суу шаар аймагында жер жана мγлк салыктары Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 316,322, 334,342 беренелеринин негизинде 2014-жылдын 1-январынан киргизилсин.
5. Кара-Суу шаарынын биринчи кварталындагы Терешкова, Гагарин, Умаров, Панфилов, Кенеш, Кара-Суу кѳчѳлѳрγнγндѳгγ трансформаторду жылдыруу γчγн 150 миң сомдук сметалык акча каражаттын сметалык документин тактап, Кара-Суу шаарынын 2014-жылдын бюджетине киргизилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Р.Х. Хатамов |