ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-февралы № 6
Өзгөрүш айыл аймагынын АЖМФнын 20 га жерине тигилген теректерди суюлтуу жана У. Акынбеков мектебинин теректерин кыюу жөнүндө.
Өзгөрүш айыл аймактык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы 8-чакырылышынын 2-сессиясынын протоколдун негизинде 2024-жылдын 1-кварталында аткарыла турган иштерин өз денгээлинде аткаруу максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагынын Сары-Куурай конушундагы №1115-1121 контурундагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнө тиешелүү АЖМФнын 20,0га жерине тигилген мырза теректерди суюлтуу максатында теректер кыйылсын.
2. У. Акынбеков атындагы мектебинин Манас көчөсүндөгү кызыл сызыкка кирип калган теректер кыйылсын.
3. Теректерди кыюу иштеринин жүргүзүү алдында тиешелүү иш кагаздар толукталсын.
4. Ар бир кесилген теректин кубатурасы 5000 сомдон жогору баалансын.
5. Терек сатуудан түшкөн акча каражаты Маданият үйүнүн карызына толугу менен которулуп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге жүктөлсүн
7. Бул токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирет.
Торага |
| Т. Бечелов |