Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундарынын  кайрылууларын кароо жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу  айылынын жашоочуларынын Кызыл-Туу көчөсүнүн атын атын маркум Молдо Шакир Түмөнбай уулунун ысымын ыйгарып берүү жөнүндө кайрылуулары боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу  айылынын Кызыл-Туу көчөсүнө районго кылган эмгектерин эске алуу менен маркум Молдо Шакир Түмөнбай уулунун  ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2.     Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана көчөнү иретке келирүү жагы маркум Молдо Шакир Түмөнбай уулунун   балдарына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык айыл чарбасы жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов