Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №4

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы мал базарга кирген мал жандыктардын тарифин бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу  Дароот-Коргон айылындагы мал базарга сатуу үчүн алып кирген мал жандыктардын тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушу боюнча  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы мал базарга кирген мал жандыктардын тарифтери төмөнкүдөй болуп бекитилсин

-  бир баш жылкыга 50 сом

-  бир баш кара малга 50 сом

-  бир баш кой (эчкиге) 20 сом ал эми базардын ичине кирген авто унаага 100 сомдон болуп бекитилсин.

2.  Мал базарга кирген мал жандыктардын ээсинен жогоруда бекитилген акча каражатарын өндүрүү жана тиешелүү жумуштарды алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго  милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов