Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын

кезексиз 5-сессиясы

 

2023-жылдын 28-августу № 21

 

 

 

“АРИСтин «Айылды

инвестициялоонун үчүнчү

долбоорунун алкагындагы

кошумча каржылоо

(COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»

-КК АИД-3

долбоорундагы:

ири долбоорлор жөнүндө

 

 

 

КК АИД-3түн алкагында Шекер айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана “Шекер” айыл аймагынын Арчагул айылындагы  “Арча – Бешик” балдар бакчасынына кошумча 25 орундуу имарат куруу ири долбоору боюнча Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Кемелбек уулу Максат жана Шекер  айылдык аймагынын АКИА АКнын төрагасы Т.Сексенбаевдин маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө "20-октябрь, 2021-жылдын № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Шекер айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Шекер айыл аймагынын Арчагул айылындагы “Арча – Бешик” балдар бакчасынына кошумча 25 орундуу имарат куруу ири долбоору, жалпы бюджети  6 923491 (алты миллион тогуз жүз жыйырма үч миң төрт жүз токсон бир) сом, АРИСтин гранты 5 655 000(беш миллион алты жүз элүү беш миң)  сом өлчөмүндө, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 1268491сом( бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз  токсон бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. “Шекер айыл аймагынын Арчагул айылындагы балдар бакчасынына кошумча 25 орундуу имарат куруу ири долбоору Шекер айылдык аймагынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана  инвестициялык планга киргизилсин;

3. Ири долбоорлордо  көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин;

4. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кемелбек уулу Максат ири  долбоорлордун жана тиешелүү иш-кагаздардын АРИСке өз убагында берүүсүн камсыз кылсын;

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысына  жана Шекер АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 

К. Иманалиев