Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамын  бекитүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө сунушу боюнча   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.

 

-        Комиссиянын төрагасы:  З.Исмаилов Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

-        

-       Комиссиянын катчысы: Т.Раимбердиева:  Чоң-Алай айыл  өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

 

мүчөлөрү:

-       Н.Маматназаров: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинине караштуу ресурстары  кызматынын алдындагы КАДАСТР”   мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай  филиалынын директору    (макулдашуу менен)

-       Ш.Исматиллаев:  Чон-Алай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын   жетекчиси (макулдашуу менен)

-       Ш.Жанботоев:  Аксакалдар сотунун төрагасы  (макулдашуу менен)

-       Абдилай уулу Таалай: Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)

-       З.Исаков:  Чон-Алайа йылөкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы  адиси                                                                  

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                    С.Мойдунов