Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №8

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Дарбаза-Жар  участкасынын № 2670  контурунда жайгашкан  жайыт эсебинде турган 0,05  га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы  айылынын Дарбаза-Жар   участкасынын   № 2670 контурунда жайгашкан  жайыт эсебинде турган 0,05  га жер аянтынбир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.     Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                   С.Мойдунов