ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июну №10
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Артылма участкасындагы Айыл чарба багытындагы жайыт эсебинде турган 40,0 га жер аянтыны өздөштүрүү үчүн сугат айдоо аянтына которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу И.Эрмаматовдун Артылма участкасында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жайыт эсебинде турган 40,0 га жер аянтын өздөштүрүү үчүн сугат айдоо аянтына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов