ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июлу №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы тууралуу маалыматы боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 50 930 400 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 36 562 494 сомду түзүп
- аппаратка 11 537 023 сом
- мектептерге 3 388 460 сом
- бала бакчаларга 5 179 145 сом
- бала бакчалардын атайын каражатарына 1 257 577 сом
- китепканаларга 935 053 сом
- маданий иш чараларга 536 500 сом
- клубтарга 1 133 084 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 770 000 сом
- ЖКХ 8 103 908 сом
- социалдык жардамдарга 1 439 872 сом
- компенсацияга 1 048 800 сом
- айылдык кеңешке 405 525 сом
- статистке 312 487 сом
- жайытка 515 060 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов