ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июлу №2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн 15 430 600сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2023-жылдагы бюджетине толукталып алымча кошумчасы менен төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 786 800 сом
- мектептерге 2 715 700 сом
- бала бакчаларга 2 568 100 сом
- ЖКХ 9 360 000сом.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов