Редакцияот 1.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жыл 1-февралы  №4

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2024-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү

 

          Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иши тууралуу отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,              

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1.  Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун 2023-жыл ичинде жүргүзүп келген иши канааттандырарлык деп табылсын.

2.  “МТС” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы, сметасы жана техникалардын кызмат көрсөтүү акысы (тарифи) бекитилсин.

3.  Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго 2024-жылга карата бекитилип берилген иш-планга ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.

4.  Жазгы айдап - себүүгө карата айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдоо боюнча иш-аракеттерди көрүү жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Касымбековго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.

5.  Жазгы айдап - себүүгө карата айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдоо боюнча иш-аракеттерди көрүү жана 2024-жылдын 1-апрелине карата техникаларды тизүү жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Касымбековго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

7.  Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

8.  Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов