Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №3

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга же башка түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун “Чапкын-Тийбес участкасындагы № 2677 контурунда жайгашкан бадалдуу жайыт эсебинде турган 10,0 га жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын бадалдуу жайыт түрүнөн, сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө сунушу боюнча  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     “Чапкын-Тийбес участкасындагы № 2677 контурунда жайгашкан бадалдуу жайыт эсебинде турган 10,0 га жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын бадалдуу жайыт түрүнөн, сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.     Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                            С.Мойдунов