ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июлу №6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Сай-Ичи участкасынын № 983 контурунда жайгашкан 0,45 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Жаш-Тилек айылындагы Сай-Ичи участкасынан № 983 контурунда жайгашкан 0,45 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаш-Тилек айылындагы Сай-Ичи участкасынан № 983 контурунда жайгашкан 0,45 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов