Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №7

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак  айылынын Кум-Талаа  участкасындагы Чак айылына бурулган жолдун чыгыш тарабындагы  № 1144  контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чак  айылынын Кум-Талаа  участкасындагы Чак айылына бурулган жолдун чыгыш тарабындагы  № 1144  контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө  сунушу боюнча   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары йылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чак  айылынын Кум-Талаа  участкасындагы Чак айылына бурулган жолдун чыгыш тарабындагы  № 1144  контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.     Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                 С.Мойдунов