Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №8

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак  айылынын Бабанын-Коктусу участкасынан 0,33 га жер аянтын көрктөндүрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын Бабанын-Коктусу участкасынан 0,33 га жер аянтын көрктөндүрүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын Бабанын-Коктусу участкасынан 0,33 га жер аянтын көрктөндүрүүгө макулдук берилсин.

2.     Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

         

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                             С.Мойдунов