Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №11

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан А.Рахманова балдар бакчасына кошумча жумуш аткаруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин   жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан  А.Рахманова балдар бакчасына кошумча жумуш аткаруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө сунуштары боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы А.Рахманова балдар бакчасына кошумча жумуш аткаруу үчүн 1 771 970 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана  социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов