Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №12

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда жергиликтүү кеңештерге айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын, кыртыштын, бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жыл ичинде бирден кем эмес жана үч жолудан ашырбай көбөйтүү боюнча КРнын өкмөтүнө караштуу салык кызматын 2020-жылдын 22-декабрындагы  № 0112/1439 чыгыш сандуу катын аткаруу максатында Чоң-Алай айыл өкмөт башчысынын сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу салык кызматын 2020-жылдын  22-декабрындагы № 0112/1439 чыгыш сандуу катынын негизинде Чоң-Алай айыл окмөтүнүн айыл чарба кайракы айдоо жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын салык кодексинин № 337-беренесинин 5-пунктунда белгиленгендей Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин бийик тоолуу жана алыскы аймакта жайгашкан айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасын жеңилдик берүүнү эске алуу менен кайракы айдоо жерлердин базалык ставкасы гектарына 50 сомдон болуп бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов