Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 3-февралы №4/2

Нариман айыл өкмөтүндөгү жер аянттарын ачык тоорук  аркылуу сатуу жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановдын Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад  айылындагы 1000 чарчы метр жер аянтын  ачык тоорук аркылуу сатууга коюу жөнүндө корутундусун карап чыгып, угуп, талкуулап, жетинчи  чакырылышынын  депутаттарынын IV сессиясынын кезектеги  отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Жер адиси Б.Мамажановдын корутундусунун негизинде Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад  айылындагы  1000 чарчы метр  жер аянтын  жер кодексинин   мыйзамдарынын негизинде ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатууга уруксат  берилсин.

2. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана  агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов