Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 3-февралы №4/4

 Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак ашына болгон наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Азык-түлүк нарктары  көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак ашка болгон наркын көтөрүп берүү  боюнча депутаттардын ой пикир сунуштарынын негизинде  Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Азык түлүк  нарктары  көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу  Нариман айыл аймагындагы  бала бакчалардагы  балдардын тамак ашы үчүн ар бир балага 350 сомдон Нариман айыл өкмөтү тарабынан  төлөнүп  берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов