НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги V сессиясынын отуруму
2022-жылдын 25-февралы №5/1
Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы “Ак-Кеме Нуру ”жана Каратай айылындагы А .Султанов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө
Нариман айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2020- жылдын 3 –июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өңүктүрүү Ассоциациясынын (ЭАӨА) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына ылайык “Кыска мөөнөттүү (3 саатык) ачуу долбоорунун негизинде Тажик-Абад жана Каратай айылдарынын жашоочуларынын жазган кайрылуулары менен таанышып, жана талкуулап Нариман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы “Ак Кеме Нуру ” бала бакчасында 3 жана 5 курактагы балдарга 1 тайпа, Каратай айылындагы А.Султанов атындагы бала бакчасында 3 жана 5 курактагы балдарга 2 тайпага ылайыкташтырылып бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Ак Кеме Нуру” бала бакчасынын жетекчиси Р.Ахбуллаевага А.Султанов атындагы бала бакча жетекчиси Осмонова С га милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү,спорт, миграция туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |