Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги V сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 25-февралы №5/2

Нариман айыл аймагынын Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто мектебинин  эски имаратын бала бакчага  өзгөртүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто  мектебинин эски имаратын бала бакчага айландыруу  жөнүндө А.Султанов бала бакчасынын жетекчиси С.Осмонованын арызын карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Нариман айыл аймагынын  Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто  мектебинин  эски имараты бала бакчага өзгөртүлсүн.   

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык   кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов