Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги V сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 25-февралы №5/3

Нариман айыл өкмөтүндөгү жарандык  актыларды каттоо боюнча жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

 

Нариман айыл аймагына Нариман айыл өкмөтүндөгү жарандык актыларды каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү максатында Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Калкты жана жарандык абалдык актыларды каттоо департаменти тарабынан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” келишими орундалсын.

 

1.Келишим негизинде айлык акы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы   Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына  жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов