Загрузка документа…
КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кегети айылдык кенештин XXVII чакырылган кезексиз XVIII отурумунун
2018-жылдын 19-апрелиндеги № 115
Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн жер тилкесин кароо жөнүндө
Кегети Айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Совет айылынын 155 тургундарынан: Совет айылынын Молдоасан көчөсү менен Школьный көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн 0,15 га жер тилкесин карап берүүнү сураган кайрылуу менен тааныштырды.
Депутаттар угуп, талкуулап
Кегети Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кегети айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн 0,15га жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кегети айылдык Кенешинин төрагасы |
| А.Абдрахманов |