САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 26-февралы № 8/44
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесине жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын курамына төмөндөгү сунуш кылынган депутаттар бекитилсин:
1. Абласова Салтанат Табылдиевна
2. Келдибек уулу Рысбек
3. Молдокулова Гүлмира Исаевна
2.Эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык иш алып барышсын.
Төраганын орун басары |
C. Т. Абласова |