НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 15-марты №6/3
Нариман айыл аймагындагы жайыт комитети тарабынан айыл тургундарынын мал жандыктарын багуу боюнча баасын бекитип берүү жөнүндө
Нариман айыл аймагынын Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н.Джусуевдин
билдирүүсүн угуп, талкуулап, кенири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нариман айыл аймагынын жайыт комитетинин сунушу менен мал жандыктарын багуу баасы төмөндөгүдөй баада:
ар бир баш кой эчкиге 180 сомдон
ар бир баш малга 600 сомдон
ар бир баш жылкыга 600 сомдон белгиленсин.
2.Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н.Джусуевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |