Редакцияот 15.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II отурумунун

 

 

2021-жылдын 15-июнундагы № 9

 

Чапаев айылына бала бакча жана Советское

айылына фельдшердик-акушердик пункт курууга

жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кегети айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адистин милдетин  аткаруучу А.Тулекабылов Чапаев айылына бала бакча жана Советское айылына фельдшердик-пункт курууга муниципалдык менчиктеги жерден бөлүп берүүнү сурап кайрылган. Депутаттар угуп, талкуулап

Кегети айылдык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жеринен Чапаев айылына курула турган бала бакчага жер тилкесин  бөлүү жагы суралсын.

2.     Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жеринен Советское айылына курула турган фельдшердик акушердик пунктка жер тилкесин  бөлүү жагы суралсын.

3.     Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу А.Тулекабыловго тапшырылсын.

4.     Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Кегети айылдык Кенешинин

төрагасы

 

А.Абдрахманов