Редакцияот 10.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 10-июну №7/2

Нариман айыл аймагындагы  ФАПтарды Кара-Суу районундагы  Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер  Практикалык Борборуна өткөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковдун Нариман айыл аймагындагы ФАПтарды Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык  Борборуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү  билдирүүсүн угуп, талкуулап, кенири ой пикир сунуштарды эске алып  Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылындагы ФАП, ВЛКСМ айылындагы ФАП, Жаңы Маала айылындагы ФАП, Жийделик айылындагы ФАП, Беш-Мойнок айылындагы ФАП, Осмон айылындагы ФАП, Каратай айылындагы ФАП, Лангар  айылындагы ФАП, Күрөн-Кол айылындагы ФАП  Кара-Суу районундагы Кара-Суу  Жалпы Дарыгерлер Практикалык  Борборуна өткөрүлүп   берилсин.

 

2.Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов