Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы  № 10/2

Жер аянтынын айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөөгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын асфальт завод участкасындагы муниципалдык менчиктеги жалпы 4,0 га жер аянтынын 290 080 (эки жүз токсон мин сексен) сом  өлчөмүндөгү айыл чарба жоготууларын жана 17 640 (он жети мин алты жүз кырк) сом өлчөмүндөгү алынбай калган пайданы төлөөгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүп берүү  боюнча Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айылынын асфальт завод участкасындагы муниципалдык менчиктеги жалпы 4,0 га жер аянтынын 290 080 (эки жүз токсон мин сексен) сом өлчөмүндөгү айыл чарба жоготууларын жана 17 640 (он жети мин алты жүз кырк) сом өлчөмүндөгү алынбай калган пайданы төлөөгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен  акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу