Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги XIV отуруму

 

 

2023-жылдын 12-майындагы № 18

 

Кегети айылындагы БСРдин ылдый жагынан Акматбек айылынын үстү жагынан талааларга кетүүчү жаӊы курулуп бүткөн Дөӊ каналына ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Кегети айылдык кенешинин төрагасы Б.Т.Исаев Кегети, Чапаево, Акматбек айылдарынын тургундарынын кайрылуулары менен тааныштырып өттү. Ал кайрылууда жаӊы курулуп бүткөн Дөӊ каналына Кегети айылынын тургуну Дөӊ каналынын негиздөөчүсү, суу чарбасына зор салымын кошкон маркум Жылкыбай Жамангуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө суранышкан. Депутаттар угуп, талкуулап

Кегети айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кегети айыл өкмөтүнүн аймагында жаӊы курулуп бүткөн Дөӊ каналына Кегети айылынын тургуну Дөӊ каналынын негиздөөчүсү, суу чарбасына зор салымын кошкон маркум “Жылкыбай Жамангуловдун” ысымы ыйгарылсын.

2. Жылкыбай Жамангуловдун баласы, туугандары атасынын ысымы ыйгарылган Дөӊ  каналынын  абалын  көзөмөлгө алып, оӊдоо иштерине жардамдашуу жагы  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Т.Исаев