АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-декабрындагы № 1
Арал айыл аймагындагы Арал айылынын Кыргызстан көчөгө жаңы атылыш берүү жана кайра каттоо жөнүндө
Арал айыл аймагындагы Арал айылынын Кыргызстан көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушун, инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу протокулун угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ чакырылышынын ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Кыргызстан көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Токтополотов Кимсанбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн жаңы аталышын, жазылган көрсөтмө белгилерди, үй номерлерин ыйгаруу, жарыктандыруу, шагал төшөө жана башка чыгымдарды аты коюлган атуулдун уул кыздарына, бир туугундарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Жакыповго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Оморов |