АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-декабрындагы № 2
Арал айыл аймагынын Рассвет айылына маркумдардын сөөгүн коюу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын ХХII сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл аймагынын Рассвет айылына маркумдардын сөөгүн коюу үчүн бөлүнгөн жайдын жанынан кошумча 1,0 га (бир) га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, суу ресурстарын өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Берикбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Оморов |