ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
2024-жылдын 27-февралы № 11/8
Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын
суткалык суу сактагычы жөнүндө
Семиз-Бел айылынын күн чыгыш тарабындагы суткалык суу сактагычы туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мамлекеттик менчикте турган Семиз-Бел айылынын күн чыгыш тарабындагы суткалык суу сактагычын Ормон-Хан айыл аймагынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Ормон-Хан айыл аймагынын муниципалдык менчигине алынгандан кийин Семиз-Бел айылынын күн чыгыш тарабындагы суткалык суу сактагычы Кочкор райондук суу башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |