АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2023-жылдын 16-декабры № 36
Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Дөбө айылынын тургуну Сулайман Каламбековдун жашаган жеринин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгыны тарабынан берилген 24.02.2023-жылдагы №30 корутундусунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айлынын тургуну Каламбеков Сулаймандын Үч-Дөбө айылында жайгашкан 8-01-06-1001-0696 идн.кодундагы 0,10га жер аянтын “Коммерциялык багытынан” “Турак жай багытындагы жерлер” котегориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| К.Халматов |