Редакцияот 16.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

 

2023-жылдын 16-декабры № 35

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Эдельвейс” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жана “Учкун” жана “Гүлжамал” балдар бакчасындагы кыска мөөнөттүү тайпаны толук күндүү тайпага айландыруу жөнүндө.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мектепке чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү үчүн “Эдельвейс” балдар бакчасына толук күндүү кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

2. “Учкун” жана “Гулжамал” балдар бакчасындагы кыска мөөнөттүү 25 орундуу тайпаны толук күндүү тайпаларга айландырууга макулдук берилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин Маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

К.Халматов