КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI-сессиясы
2024-жылдын 01-февралындагы № 28-36/9
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Ч.А.Бапаевдин, 2024-жылдын 16-январындагы, чыг:№01-16-133 кайрылуу катын жана Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.Толумбекованын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражаттарын бөлүштүрүү” жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 41956,5 (кырк бир миллион тогуз жʏз элʏʏ алты миң беш жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, анын ичинен бюджеттик каражаттар 35904,4 (отуз беш миллион тогуз жʏз тѳрт миң тѳрт жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, жана атайын каражаттар 6052,1 (алты миллион элʏʏ эки миң жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын башындагы эркин калдыгы, 2023-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү, №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2024-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын каржылоону, бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык, мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага Т.Акимканов
Приложение:1