ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 9
“Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга бекитилген бюджетин кароо жөнүндө
“Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга такталган “Бюджетинин” долбоорун карап талкуулап чыгып Чаткал айылдык кеңештинин депутаттарынын сунуштарын “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасын эске алып Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV- сессиясы
Токтом кылат:
1. “Чаткал жайыт комитетинин” сунушу жана “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы эске алынсын.
2. “Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга такталган бюджетин төмөнкүдөй бекитилсин. Бюджеттин киреше бөлүгү: 2565250сомго бекитилсин, мындан жайыт акысы-1210000сом, техникалардын кызмат көрсөтүүсүнөн-1355250сом. Чыгаша бөлүгү: 2565250сомго бекитилсин, мындан эмгек акы-508858сом, социалдык төлөмдөр- 87778сом, сапар чыгымдары-60000сом, ар кандай чыгымдар-45000сом, күйүүчү майлоочу майга-50000сом, инфраструктурага-261364сом, жалпы бюджеттен айыл аймакка которуу 33%- 197000сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Чаткал жайыт комитетине” жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |