Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312, 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 559, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу мамлекеттик менчик укугу төмөнкүлөрдүн негизинде пайда болгон объекттерди ээликтен ажыратууга жайылтылат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айыпталуучу болуп саналган адам же болбосо сотко чейинки кылмыш-жаза өндүрүшүнүн стадиясында белгилүү бир тергөө органы тарабынан айыпталуучу менен аффилирленген жак менен түзүлгөн мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу түрдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуунун негизинде;
2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебине мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же башка макулдашуунун негизинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык соттун айыптоо өкүмү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин негизинде;
4) бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине өндүрүп алынган мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында;
5) мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу акысыз өткөрүп берүү жөнүндө жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде.
6) төмөнкүдөй мүлккө карата:
– Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттин менчигине өткөн чарбалык коомдор тарабынан мамлекеттик менчикке өткөрүп берилген;
– укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишинин алкагында аныкталган, жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдор тарабынан алынган;
7) төмөнкүдөй жер тилкелерине карата:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде кабыл алынган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттик менчикке өткөн чарбалык коомдордун балансында турган кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312, 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 559, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул Тартипке ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш болгон объекттер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
4. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган объекттерди ээликтен ажыратуу маселелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынат.
5. Объекттерди ээликтен ажыратуу төмөнкүдөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:
1) электрондук соода аянтчасында сатуу;
2) түз сүйлөшүү жолу менен сатуу;
3) чарбалык коомдун уставдык капиталына салым катары киргизүү;
4) муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү.
6. Механизмдер жана жабдуу, эмерек жана кеңселик жабдуу, запастар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан соода ишинин субъекттерине андан ары комиссияга сатуу же жарандык жүгүртүүнүн жалпы эрежелери боюнча коммерциялык шарттарда сатуу үчүн адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкананын чарбалык карамагына өткөрүп берилет.
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин төмөнкү жактарга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди акы төлөнүүчү негизде түзүүгө укуктуу:
1) курулуш объектинин заказчысына (куруучуга), башкы подрядчыга же курулуш объектинин алдындагы жер участогунун менчик ээсине;
2) курулуш этабында заказчы (куруучу) менен алдын ала келишим түзгөн жакка;
3) уставдык капиталында акциялардын (катышуу үлүштөрүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго, акционердик жана чарбалык коомдор жөнүндө мыйзамдарга ылайык уставдык капиталды көбөйтүү эсебине.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик ишканаларга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Объекттерди сатып алуучулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар боло алышат.
9. Акы төлөп ээликтен ажыратуу максаты үчүн объекттердин рыноктук наркы көз карандысыз баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан аныкталат. Баалоо жүргүзүүнүн заказчылары болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы саналат.
Объекттин бааланган наркы боюнча талаш-тартыш жагдайлар келип чыккан учурда баалоонун ишенимдүүлүгү Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
Корутунду чыгаруу Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
101. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизделген сунушу боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүп берилген мүлктүн башка мүлк менен орду толтурулган учурда келишим, алдын ала келишим же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуу боюнча мүлктү мамлекеттин менчигине ыктыярдуу жана акысыз негизде өткөрүп берген жак мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте келишимди, алдын ала келишимди же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашууну бузуу жөнүндө макулдашууну түзө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)