КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 114
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорттук аренасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорттук аренасын сактоо жана андан ары натыйжалуу пайдалануу, спортту өнүктүрүү жана Бишкек шаарынын калкынын ден соолугун чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин оперативдүү башкаруусунда турган төмөнкүдөй мамлекеттик менчик объекттерин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берсин:
- Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду: 1-02-04-0060-0293, аянты 0,4428 га жер участогу менен турак эмес жайды;
- Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду: 1-02-04-0060-0292, аянты 0,187 га жер участогун.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер чакан спорт аренасын реконструкциялоо жана абаттоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилет деп белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- зарыл болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өткөрүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |