Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VII сессиясы

2022-жылдын 10-февралы № 1

2022-жылга Тоң айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

Тоӊ айыл аймагынын 2022-жылга бюджетин бекитүү боюнча Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:

1.Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга сунушталган жергиликтүү бюджеттин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.

 

2.2022-жылга Тоң айыл аймагынын бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 7 350,4 миң (жети миллион үч жүз элүү миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана бул каражаттын ичинен:

- бюджеттик каражаттар 6 640,4 (алты миллион алты жүз кырк миң төрт жүз)сом өлчөмүндө;

-атайын төлөм каражаттары 710,0 (жети жүз он миң) сом өлчөмүндө каралсын.

(1,2,3-тиркеме)

 

3. 2022-жылдын бюджетинин кассалык жүгүртүүсү 10,0 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. 2023-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7 476,4 (жети миллион төрт жүз жетимиш алты миң төрт жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинде теңдөөчү грант 2 497,0 (эки миллион төрт жүз токсон жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

5. 2024-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7 523,4 (жети миллион беш жүз жыйырма үч миң төрт жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинде теңдөөчү грант 2 497,0 (эки миллион төрт жүз токсон жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин .

 

6. 2022-жылга бекитилген Тоң айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Тоң айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айылдык кеӊешинин бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы м.а

Г.Мааданбеков