ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2022-жылдын 10-февралы № 2
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоң айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевдин 01.01.2022-жылга жергиликтүү бюджеттен калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап,Тоң айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тоң айыл өкмөтүнүн 01.01.2022-жылга жергиликтүү бюджеттен калган калдык 1 035,4 (бир миллион отуз беш миң төрт жүз) сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
2. Бала бакчанын атайын төлөм каражатынан калган калдык 86 900 (сексен алты миң тогуз жүз) сом акча каражаты №2 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Тоң айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айылдык кеӊешинин бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы м.а | Г.Мааданбекова |