Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VII сессиясы

2022-жылдын 10-февралы № 4

Зорька участогунун ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Зорька участкасынын ижарачысы Тентимишов Бактыбектин 1 га ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу узартып берүү жөнүндө сураган маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:

1.Тентимишов Бактыбектин арызы канагаттандырылып, ижара келишими 7 (жети) жылдык мөөнөткө түзүлсүн.

2. 1(бир) га алма бактын ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ижара акысынын өлчөмүн 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Ижара акыны өз убагында төлөө жагын жана келишимдин шарттарын так аткарылышы жөнүндө ижара ээси Б.Тентимишовго эскертилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Тоң айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айылдык кеӊешинин жер жана айыл чарба менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы м.а

Г.Мааданбекова