Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VII сессиясы

2022-жылдын 10-февралы № 13

Тоң айыл аймагына тиешелүү болгон ички арыктарды баланска алуу жөнүндө

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Байзаковдун Тоң айыл аймагына тиешелүү болгон ички арыктарды баланска алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоң айылдык кенеши токтом кылат:

  1.Тоң айылындагы:

- Кара-Суу участкасынан Тоң айылынын батыш-түндүк тарабына чейинки 4620 метр аралыктагы Кара-Суу-1 чарбалык арыгы;

- Кара-Суу участкасынан Тоң айылынын түштүк тарабына чейинки 3900 метр Кара-Суу-2 чарбалык арыгы;

-Кежиге тилкесиндеги шаркыратмадан 3620 м Кара-Суу-2 чарбалык арыгы;

-Кажы-Саз айылынын Үкөк участкасынан Кажы-Саз айылынын чыгыш тарабынан кире беришине чейинки 10 000м Кара-Таш арыгы Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй жогорудагы белгиленген ички чарбалык арыктар Тоң айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоң айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоң айылдык кеңешке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы м.а

Г.Мааданбекова