Редакцияот 16.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

2022-жылдын 16-марты № 14

Тоң айыл аймагына тиешелүү болгон ички арыктарды баланска алуу жөнүндө

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Байзаковдун Тоң айыл аймагына тиешелүү болгон ички арыктарды баланска алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоң айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Тоң айыл аймагына тиешелүү Кажы-Саз айылынын Үкөк жайлоосунун Корумду өзөнүнөн бөлүнүп чыккан Кажы-Саз айылынын чыгыш тарабынан кире беришине чейинки 10 000 метр Кара-Таш арыгы Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй жогорудагы белгиленген ички чарбалык арыктар Тоң айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2. Түзүлгөн дефекттик актыга ылайык Корумду суусунан бөлүнүп чыккан 100 метр арыкты цемент куймасы менен тосмолоо жана оңдоп, түзөө үчүн 45 000 (кырк беш миң) сом акча каражатын каржылоо жагы Тоң районунун өнүктүрүү фондусунун дирекциясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоң айылдык кеңешке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы м.а

Г.Мааданбекова