Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-марты № 100-т
Агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 4-пункттагы "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункттун 1-пуктчасындагы "5100000000,0 (беш миллиард жүз миллион)" жана "1900000000,0 (бир миллиард тогуз жүз миллион)" деген сөздөр тиешелүү түрдө "4100000000,0 (төрт миллиард жүз миллион)" жана "2900000000,0 (эки миллиард тогуз жүз миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
1. Жалпы жоболор
1. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экспорттук потенциалды өстүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредит берүү, ислам принциптери боюнча лизинг берүү жана каржылоо жолу менен агроөнөр жай кластерлерин: сүт, эт, кант, тоок жумурткасы, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, жемиштер жана мөмөлөр, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, жүзүмзар, балык, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордун чарбакер субъекттерин колдоого багытталган иш-чараларга дем берүү болуп эсептелет.
2. Долбоордо колдонулуучу аныктамалар:
1) агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) - ыктыярдуу бирикме, анын катышуучулары болуп айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор саналат, алар чийки затты өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны сатууга чейин бирдиктүү кайра өндүрүү процессине, анын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык стадияларына катышат;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Кластердик өнүктүрүү кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластердик саясаты жаатындагы туруктуу иштөөчү кеңешүүчү коллегиалдуу эксперттик-консультациялык орган;
3) Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластерлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластердик бирикмелеринин маалыматтык базасы. Реестрди түзүү жана жүргүзүү боюнча жооптуу жак болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эсептелет. Реестр маалыматты актуалдаштыруу, системалаштыруу, кластердик бирикме түзүү жөнүндө макулдашуунун жана колдоо чараларын иштеп чыгуу үчүн иштин мониторингинин негизинде расмий тариздөө максатында түзүлөт. Реестр Кеңеш тарабынан бекитилет, ал эми Кластердик бирикменин катышуучуларынын реестри кластердик бирикмелердин өздөрү тарабынан берилет;
4) айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, айыл чарба, балык өстүрүү, агротокой өстүрүү продукцияларын өндүргөн жеке же юридикалык жактар;
5) агрегатор - агроөнөр жай кластериндеги негизги звено (кайра иштетүү ишканалары жана/же соода-логистикалык борборлор), ал продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) боюнча операцияларды андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча жүзөгө ашырат, ошондой эле региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кластер курулган терең кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча иш;
6) соода-логистикалык борбор (мындан ары - СЛБ) - айыл чарба продукциясын алдын ала кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо жана/же сактоо мүмкүнчүлүгү менен аны кийин айыл чарба жана башка рынокторго жеткирүү менен консолидациялоо жүргүзүлүүчү ишкана;
7) субконтракторлор - агроөнөр жай кластеринин агрегаторлору же айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү товарларды же кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жактар, анын ичинде жеткирүүчүлөр, билим берүү жана илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары жана башка субъекттер;
8) кошумча нарк чынжыры - өндүрүштүн ар кандай этаптары аркылуу анын концепциясынан тартып (физикалык өзгөрүүлөрдүн комбинациясын жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын кошуп), акыркы керектөөчүгө жеткирүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүүлөргө чейин продуктту же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштин толук ассортименти;
9) органикалык өндүрүштүн кластери - бул Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзгөн жана/же органикалык өндүрүшкө эл аралык сертификаттары бар айыл чарба субъекттерин камтыган бирикме.
3. Долбоордун наркы - 17 млрд. сом.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - револьвердик негизде ушул Долбоордун 12-пунктунда белгиленген кредиттерди карыз алуучулар тарабынан кайтаруу мөөнөттөрүндө чектөөлөрсүз.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын майы.
6. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "РСК Банк" ААК.