САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 21-сентябры № 3
Жеке менчик 67917,0 чарчы метр жер аянттын максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн Сакалды айылынын Инжеваткин көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан 3-04-08-1001-0172 идентификациялык коду менен катталган жаран Жуманазаров Элдияр Жамшитовичтин жеке менчигиндеги 67917,0 чарчы метр жер аянттын максаттуу багыты жаран Жуманазаров Элдияр Жамшитовичтин өз арызына ылайык өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Нишанбаев |