САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 21-сентябры № 4
Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын ”Бюджеттик кодексинин” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы токтом кылат:
1.Сакалды айылынан 216,41га, Чоң-Багыш айылынан 148,53 га Ген.планын жасатуу үчүн республикалык бюджеттен максаттуу келген 4609500 (төрт миллион алты жүз тогуз миң беш жүз) сом акча каражатын төмөнкүдөй сарпталсын Аппарат 2215-4609500 (төрт миллион алты жүз тогуз миң беш жүз) сом Сакалды айылынан 216,41га, Чоң-Багыш айылынан 148,53га Ген.план жасатууга.
2.Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөдү киргизүү айыл өкмөттүн бөлүм башчысы А.Турганбаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөттүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин “Бюджет жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Нишанбаев |