Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 58

Оргочор айыл аймагынан таштанды төгүү боюнча ар бир кожолукка орточо тарифти бекитүү жөнүндө

Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун маалыматын угуп, талкуулап, токтом кылат :

 

1. Оргочор айыл аймагынан таштанды төгүү боюнча ар бир кожолукка орточо тариф 90 (токсон) сомдон бекитилсин жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз) миң сом субсидия катары бөлүнүп берилсин.

 

2. Төлөнүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесинен которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Казиевага милдеттендирилсин;

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

У. Р. Дыйканбаев