Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 61

“Кут-Жайыт” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

“Кут-Жайыт” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Оргочор айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.     “Кут-Жайыт” жайыт комитетинин 2022-жылдын ичинде аткарган иштери айтылган сын пикирлерди эске алуу менен “канаттандырарлык” деп табылсын жана 2023-жылга иш планы толуктоолор менен бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети 1-тиркемеге ылайык киреше жана чыгаша бөлүгү болжолдуу 692 000 сомго бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).

 

3. Жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын -ала эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүүсү боюнча айылдык ветеринардык кызматкерлери тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылып,анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн өткөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы бирикменин төрагасы Кылычбек уулу Акылбекке тапшырылсын.

 

4. Жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы бирикменин төрагасы Кылычбек уулу Акылбекке тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Оргочор айылдык кенештин бюджетти пландоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилси

 

Төрага

У .Дыйкамбаев