Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын

 

2023-жылдын 5-октябры № 1

 

Элдик Курултайга даярдык чараларын көрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен дайындалган 2023- жылдын 15-декабрында өтүүчү элдик Курултайга жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы санын аныктоонун ченемине ылайык,Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXIХ - сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен дайындалган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү элдик Курултайга жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы санын аныктоонун ченемине негиз,Сакалды айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны №1 тиркемедеги нормага ылайык бекитилсин .

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары айыл өкмөттүн Сакалды,Аримжан,Кагазды,Чон-Багыш,Кыргызстан,Чек,Бөбүй айылдарында өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү айылдарда жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнүн графиги № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Бул чечимдин аткарылышын өзүм көзөмөлгө аламын.

 

 

Тѳрага

А.Нишанбаев

Тиркеме №1

Сакалды айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын кезексиз

XXIХ –сессиясынын №1 токтому менен бекитилди

Сакалды айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу

өкүлдөрдүн саны

1

Айылдын аталышы

Калктын саны

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу делегаттын саны

2

Аримжан

2211

40

3

Кагазды

1284

20

4

Сакалды

4610

40

5

Кыргызстан

3591

40

6

Чек

1189

20

7

Чон-Багыш

4219

40

8

Бөбүй

697

20

 

Бардыгы

17801

17801

Жооптуу катчы

Н.Алымкулова

Тиркеме №2

Сакалды айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын кезексиз

XXIХ –сессиясынын №1 токтому

менен бекитилди

Сакалды айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси