АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арал айылдык кеңешинин XXI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2024-жыл 20-февралы №2
Арал айыл аймагындагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жөнүндө
Айыл чарбасы, суу ресурстарын өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Берикбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарбасы, суу ресурстарын өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Берикбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Арал айыл аймагынын Интернационал айылынын Чапаев көчөсүндөгү 0,02 га түзүлгөн жер участогуна менчик же ижара укугун берүү торуктар аркылуу өткөрүүгө макулдук берилсин
3. Торук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобого ылайык жүргүзүлсүн жана жер участогунун максаттык багытын өзгөртүүгө тыюу салынсын.
4. Тиешелүү документтерди даярдоо, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арал айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, суу ресурстарын өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Берикбаевге жүктөлсүн
Төрайым: | З.Акматалиева |